Куликов (кондитердик үй)
Kulikov | |
![]() | |
Негизделген жылы |
1991-жыл |
---|---|
Мурдакы аталыштары |
Куликовский |
Негиздөөчүлөрү |
Олег Борисович Куликов |
Жайгашкан жери | |
Сайт |
Куликов ― 1991-жылы Кыргызстанда негизделген белгилүү кондитердик фабрика[1].
Фабрика Бишкек шаарында жайгашкан жана өлкөдөгү кондитердик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн эң ириси болуп эсептеленет.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылы Олег Борисович Куликов чоң "Куликов" брендинин тарыхын баштаган[2] "куш сүтү" тортун бышырган. Эң башында Куликов тортторду өндүрүү үй-бүлөлүк иш болуп, Бишкек шаарындагы типтүү батирде чакан гана ашкана болгон. Бара-бара кардарлар топтолуп, популярдуулугу жогорулайт. Аны менен бирге сунушталган десерттердин ассортименти жана мунун баары өндүрүлгүн жер өсөт. Ошентип, 10 жылдын ичинде иш өзүнүн цехи, заказ салону жана берилген кардарлары бар чакан үй-бүлөлүк кондитердик дүкөнүнө айланды.
Азык-түлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фабрика кондитердик азыктардын түрлөрүн чыгарат, анын ичинде:
- Торт жана токочтор
Сапат жана сертификаттоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фабриканын продукциялары эл аралык сапат стандарттары боюнча тастыкталган, бул анын коопсуздугун жана жогорку талаптарга шайкештигин тастыктайт. Куликов ар кандай көргөзмөлөргө жана сынактарга активдүү катышып, анда сапат жана инновация боюнча сыйлыктарды алып келе жатат.
Улуттук статистика комитети өлкөнүн реалдуу секторундагы 29 миң ишкананы талдап, рейтинг жарыялаган. Рейтингди түзүүдө кызматкерлердин саны, киреше, жалпы түшкөн каражат, операциялык киреше жана чыгаша, ошондой эле компаниянын жалпы каржылык абалы эске алынган. Economist.kg жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Куликов кондитердик фабрикасы 200 компаниянын ичинен 16-орунду ээлеп, өзүнүн сапаттуу продукциясы жана туруктуу өнүгүүсү менен белгиленди. Бул жетишкендик компаниянын рыноктогу ордун жана аброюн бекемдеген.
The EAEU Brand Award конкурсу Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өтүп, катышуучулар арасынан эң мыкты бренддерди аныктоо максатын көздөгөн. Куликов кондитердик фабрикасы 100 компаниянын ичинен 14-орунду ээлеп— анын сапаттуу продукциясы жана рыноктогу ордуна болгон ишенимди дагы бир жолу тастыктады.
Социалдык тармактарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Kulikov кондитердик үйү (официалдуу баракчасы). Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 7 -октябрь (тогуздун айы) 2024.
- ↑ Байкинова, Адина. Как кыргызские кондитеры завоевывают Казахстан, Kapital.kz (04.02.2016).
[1] 4. Документальный фильм про Кондитерский дом "Куликов" (Youtube)
5. Почему Куликовский лидер кондитерского рынка / Денис Гайворонский | МИРЗАМАТОВ ВЛОГ
6. Замира Кожобаев / Жеңиш Айдаров / Кондитердик өндүрүш өнүгүүдө | Азаттык үналгысы