Кулматов Козубай
Кулматов Козубай 1916-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Туу айылында туулган.
- Ликбезден билим алып сабатын жойгондон кийин, турмуш шартына байланыштуу билимин улантпай, колхоздо ар кандай жумуштарда иштеген.
- 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 153-аткычтар полкунда кызмат өтөй баштайт.
- 1945-жылдын баш ченинен, согуш бүткөнгө чейин, атчандар полкунда кызмат кылат.
- Согушта жүргөндө ар кандай медалдар менен, андан кийин бир топ юбилейлик медалдар менен сыйланган.
- Согуштан аман-эсен айылына кайтып келип, колхоздо, совхоз уюушулгандан кийин, совхоздо өмүр бою жумушчу болуп иштеген.
- Талыкпаган эмгегинин үзүрүн көрүп, “Эмгектин ардагери” медалы, бир топ Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3