Умаргазы Кулмурзаев

Википедия дан
Кулмурзаев, Умаргазы‎»‎ барагынан багытталды)

Кулмурзаев Умаргазы (1909-ж. т., Токтогул району, Торкен айылы) — партиялык ишмер.

1930-ж. Ташкендеги Орто Азия кооперация техникумун бүтүргөн.
1930-ж. эмгек жолун «Кыргызпахтасоюздун» Базар-Коргон райкооппахта бөлүмүнүн башчылыгынан баштаган.
1931—40-ж. райондук жана облустук масштабдагы пахта даярдоочу системаларында түрдүү жетекчи кызматтарда иштеген.
1941-жылдан Кыргыз ССРинин текстиль өнөр жайынын эл комиссарынын орун басары, комиссары.
1943—46-ж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
1946-ж. Кыргыз ССР жеңил өнөр жай министринин орун басары, 1947-жылдан СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз ССРинин туруктуу өкүлү.
1948-жылдан Талас облустук эмгекчилер депутаттарынын аткаруу комитетинин, 1952-жылдан Жалал-Абад облустук Эмгекчилер депутаттарынын аткаруу комитетинин, 1955—60-ж. Араван райондук Эмгекчилер депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы.
1947—55-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.