Кулуке Саякбай уулу

Википедия дан

Кулуке Саякбай уулу (1860, Арабулак айылы - 1937, ошол эле жер) - өрөөндөгү белгилүү табып, уста.

1924-1934-ж. “Ленин” колхозунун устасы болгон.

1934-1937-ж. Фрунзе-Ош жолун курууга активдүү катышкан. Тамырчы катары сыныкты, сөөктөрү тайып, ордунан чыккандарды калыбына келтирген, өсүмдүктөрдөн дарыдармек жасоо менен түрлүү ооруларды айыктырып, элдик дарыгер катары атагы чыккан. Көркөм буюмдарды төп келтире кармап, зер жасалгаларды, асемдүү үй буюмдарын, ат жабдыктарын кармаган. Буюмдарга азем көркөмдүктөрдү түшүргөн. Мындан сырткары багбандыгы менен да белгилүү. Ал Арабулак айылында биринчилерден болуп пахта тазалоочу чакан завод курган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5