Кулуке Уста
Кулуке Уста (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) Уста. Кетмен-Төбөдөн чыккан. Анын узануудагы жекече ыкмалары жазылбай калган.
Кулуке уста көркөм буюмду төп келтире кармаган. Эркектер үчүн, аялдар үчүн зер жасалгалары, асемдүү үй буюмдары, ат жабдыктары Кулуке устаныкы экени дароо таанылган. Азыр да айыл арасында жолугат. Анткени, андай баалуу мурастарды калк өзү барктаган. Элдик өнөрдүн өткөндөгү эстеликтери катары өз ордун тапкан. Бул устанын колунан чыккан буюм-кечелерге түшкөн сыйкырдуу көркөмдүктөр улам убакыт өткөн сайын жүзүнө чыгып, анын бул өнөрү өзүнө тургузган эстелиги катары туюлат. Кулуке устанын уулу Момункул ата өнөрүн улаган. Көмүр өчүрүп, көмүркөйүн кармап, күжүсүн күйгүзүп келген. Булардын өнөр үрөнү тереңге сиңип, текши өнүп, калктын жүрөгүндө турган. Кайран тиричиликтин өкүм зордугу менен кара жандарын карч уруп калк үчүн кажыбай узануулары кары тарыхтын биринчи барагынан берки мыйзамдуу көрүнүш экенин эч ким тана албайт. Улуу акын Токтогул Кулукенин усталыгын: «Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде Өлбөй турган нуска бол», - деп баалаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0