Кульсара Сулайманова

Википедия дан

Күлсара Сулайманова (1930-жылы 1-январда төрөлгөн) – Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз СССРининсоветтик эл чарбасынын ишмери.


Күлсара Сулайманова 1930-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин (1947-жылы) 17 жашында согуштун ардагери, 28 жаштагы Бейшеналы Сулаймановго турмушка чыккан. Экөө 12 балалуу – 6 уулдуу, 6 кыздуу болушкан.

Жанын аябаган эмгектин арты менен Күлсара Сулайманова 26 жашында звеночу болгон. Анын жетекчилиги астында звено беш жылдыктын тапшырмаларын 3,5 жылда аткарган.

СССР Жогорку Советинин 7-8-чакырылышынын (1966-1974-ж.) депутаты болуп эки жолу шайланган, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 9-чакырылыштагы депутаты болгон, Кыргызстан Компартиясынын XXIV жана XXV съезддерине Кыргыз ССРинен делегат болуп шайланган.

1994-жылы Кыргызстан элдеринин алгачкы Курултайын расмий ачкан.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965-жылы)

Ленин (1965-жылы) жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган (1976-жылы).

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Даңк” медалы ыйгарылган (2000-жылы)

Күлсара Сулайманованын ысымы республикалык “Эмгек даңкынын жылбаяны” китебине киргизилген.

Эл эсинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыңды мектеп-гимназиясына Социалисттик Эмгектин Баатыры Күлсара Сулайманованын ысымы ыйгарылган (2010-жылы), ал жерде музей ачылып, коло бюсту орнотулган.

Кайыңды шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири анын ысымын алып жүрөт.

Цитатасы: “Азыр адамдарда баары эле бардай, бирок алар эмнегедир ачуулуу, ач көз, кайдыгер болуп калышты”, - Күлсара Сулайманова. 10.03.2020

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://who.ca-news.org/people:30394

https://who.ca-news.org/people:31418

https://www.turmush.kg/ru/news:1601966