Культиватор

Википедия дан

Культиватор (латынча cultus — иштетүү, жерди айдоо) — өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуучу, отоо чөптөн арылтуучу, жер семирткич чачуучу айыл чарба шайманы. Культиватордун чиркеме жана асма түрү бар. Көбүнчө асма культиватор чыгарылат. Анын түзүлүшү жөнөкөй; жеңил жана оңой тейленет. Буулантма культиватор (топуракты текши жумшартуучу), отомо культиватор (катар аралыкты иштетүүчү) жана универсалдуу культиваторго (топуракты жумшартып, жер семирткич чачуучу) бөлүнөт. Культиватордун негизги бөлүктөрү: рама, тилгич калак, өсүмдүк азыктандыргыч, түптөгүч, тереңдикти жөнгө салуучу механизм, эки таяныч дөңгөлөк, учтуу диск, илиништиргич, жөөк салгыч, жумшарткыч, мала чиркештиргич, серпилгичтүү (пружиналуу) мала. Культиватордун ширетме конструкциясындагы рама тик бурчтуу формада. Раманын алды жагында жөөк салгыч орнотулат. Кыртышты жалпы иштетүүдө негизги жумушчу шайман катары универсал же жебе сымал калак тиштер колдонулат. Культиватордун универсалдуу жумшарткычы отоо чөптөрду кесип, кыртышты жумшартат. Отоо чөп анчалык көп болбогон жерде алдынкы эни 270—330 мм жумшарткыч, отоо чөптүү жерлерде эни 145—330 мм жумшарткыч орнотулат. Жаа сымал эки миздүү культиватор отоо чөптөн арылтып, топурактын үстүнкү катмарын 4—8 см тереңдикте жумшартып, минералдык жер семирткич чачат. Топуракты жумшартууда кол эмгегин аз жумшоо үчүн культиватор айланып иштөөчү тетик жана отоочу мала менен кошумча жабдылат. Мында өсүмдүккө зыян келтирбөө үчүн культиваторго диск жана калканч орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]