Кумамото

Википедия дан
Кумамото шаары, Япония‎»‎ барагынан багытталды)
Кумамото.

КумамотоЖапониядагы шаар. Кюшю аралында жайгашкан. Кумамото префектурасынын администрациялык борбору. Ширакава дарыясынынын чатында, Кюшю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 675,8 миң (2009). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. 16-кылымдын аягында негизделген. Мунаралуу капка (1607), будда храмы ж. б. сакталган. Текстиль, тамак-аш, химиялык, машина куруу, электр жабдуулары (күн батареяларын чыгаруучу завод), кагаз өнөр жай ишканалары, мөмө-жемиш менен жашылчаларды белендөөчү, фарфор жана жарым өткөргүчтөр өндүрүштөрү иштейт. Көркөм буюмдар да чыгарылат. Балык кармап, белендөө кеңири өнүккөн. Университеттер, лютеран колледжи, музейлер бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]