Мазмунга өтүү

Кумуляция эффекти

Википедия — ачык энциклопедия

Кумуляция эффекти ⎯ жарылуучу заряддардын белгилүү бир багыт боюнча атайын жетишилген формасы аркылуу жарылуунун аракетинин белгилүү бир деңгээлде жогорулашы.

Химиялык реакциянын натыйжасында жарылуунун козголушундагы чуңкурчадан кысылып чыккан агым – эң жогорку ылдамдыкта болот. Ал кумуляция агымы деп аталат. Чуңкурча калыңдыгы 1–2 мм болгон металл менен капталат. Ал К. э-син кыйла жогорулатат. Химиялык реакциядан пайда болгон заттар жогорку басымдын (10 ГПа, б. а. ∼ 105атм) аракети астында металлдын агымын пайда кылып, анын ылдамдыгы 10 – 15 км/секга жетет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]