Кундузгүл

Википедия дан
Кундуз гүл‎»‎ барагынан багытталды)
Pulsatilla patens.

Кундузгүл (лат. Pulsatilla) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бийикт. 40 смге жеткен көп жылдык чөп. Жалбырактары тамыр моюнчасына же сабакта шакектеп жайгашкан. Гүлү жалгыздан, ак, мала же кочкул кызыл, 5-6 мүчөлүү. Аталыгы жана энелиги көп. Мөмөсү – жалбыракча. Кыргызстанда К-дүн 2 түрү белгилүү, анын бирөө (Костычев К.) Алай өрөөнүндө гана өсүүчү эндемик. Ал өтө кооз болгондуктан атайын коргоого алынган. К-дүн айрым түрлөрү медицинада пайдаланылат, кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт. Курамында ранункулин глюкозиди болгондуктан уу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]