Мазмунга өтүү

Купуев Пирмат

Википедия — ачык энциклопедия

Купуев Пирмат (15. 3. 1942-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы) — экономика илимдеринин доктору (1988), профессор (1990), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1997). Эл чарбасын жана анын тармактарын башкаруу боюнча адис. Москва станок-аспап институтун (1965), КМУнун аспирантурасын (1972) бүткөн. 1966—69-жылы Фрунзе машина куруу заводунда инженер-технолог, мастер, смена начальниги, 1973—90-жылдары КМУда окутуучу, кафедра башчысы, декан, 1993—94-жылдары Ош облусу мамлекеттик администрация башчысынын кеңешчиси, 1994—99-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн коомдук илимдер институтунун, 1999-жылдан ОшМУнун Укук-экономика жана башкаруу институтунун директору. 100гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 6 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Управление эффективностью производства и движения предметов потребления. Ф., 1985; Население и социальная сфера. Б., 1997.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]