Курактык психология

Википедия дан

Курактык психология – адам психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн ар бир курактын өзгөчөлүгүнө ылайык изилдеп, үйрөтүүчү психология илиминин бир тармагы.

Курактык психология XIX кылымдын аягынан баштап, психология илиминин өз алдынча тармагы катары түзүлгөн. Курактык психологиянын изилдөө объектиси болуп, түрдүү курактагы адамдардын психикалык өнүгүүсү саналат. Курактык психология психиканын өнүгүүсүн түрдүү куракка гана эмес, ал курактардагы негизги иш-аракеттин мазмунуна байланыштуу изилдейт.

Курактык психологияда психиканын өнүгүү жана закон ченемдүүлүгү Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Д. Б. Эльконин, А. В. Запорожец, А. А. Менчинская ж. б. психологдордун илимий изилдөөлөрүндө кеңири чагылдырылган. Инсандын калыптанышы, анын акыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү ж. б. у. с. маселелер курактык психологиянын актуалдуу көйгөйү бойдон калууда.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004