Курама уулу Турусбек
Курама уулу Турусбек (1900, Мазарсуу айылы - 1981, ошол эле жер) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959-63).
- 1932-35-ж. Токтогул районунда колхоз ячейкасынын төрагасы,
- 1935-37-ж. Кыргызстан КП Токтогул райкомунда үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы, райондук керек-жарак коомунун төрагасы (1939),
- 1940-жылдан К. Маркс атындагы колхоздун башкармасы, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген.
- «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.
- Терексуу айлындагы мектепке ысмы ыйгарылган (1991) .
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5