Кургакчыл климат

Википедия дан

Кургакчыл климат — буулануу жыл бою жааган жаан-чачындан кыйла ашып кеткен климат. Ага күндүн ачыктыгы, булуттун пайда болушуна тоскоолдук кылган конденсация процессинин жогорку деңгээли, абанын температурасынын суткалык кескин өзгөрүүсү мүнөздүү. Кургакчыл климат шартында физикалык талкалануу процесси жүрүп, рельефтин эолдук формасы түзүлөт. Чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Чарбачылыгы жасалма сугат менен жүргүзүлөт. Адабияттарда «ариддүү аймак» деп да аталат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]