Кургаткыч
Көрүнүш
Кургаткыч — материалдагы нымды буулантып кургатуучу түзүлмө. Материалга жылуулук берүү ыкмасына жараша кургаткыч конвекциялык (материал ысытылган газ менен тийишет), радиациялык (жылуулук ысык беттен нурлантып берилет), индукциялык (жылуулук индукциялык токтун негизинде берилет) болуп бөлүнөт. Кургаткыч атмосфералык басымда же кургатууну тездетүү үчүн вакуумда, кээде кургатууну жайлатуу үчүн жогорку басымда иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9