Курманалиев Карыбек Төлөгөнович
Курманалиев Карыбек Төлөгөнович (17. 1. 1923, азыркы Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык кыштагы — 1984, Фрунзе) — милициянын генерал-майору (1965). Кыргызстан КП БКга караштуу респ. партиялык мектепти (1949), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1956) бүткөн. 1942-жылы Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка (1941—45) катышкан. 1946—50-жылы жана 1952—56-жылдары Кыргызстан КП(б) БКнын партиялык органдар бөлүмүнүн инструктору, 1951—52-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунун 2-секретары, 1956—61-жылдары партиянын Кара-Балта райкомунун 2-, 1-секретары, 1961—72-жылдары Кыргыз ССР ички иштер министринин орун басары-кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Чоң-Арык айлындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9