Мазмунга өтүү

Курманкул уулу Бейшенаалы

Википедия — ачык энциклопедия

Курманкул уулу Бейшенаалы (1896-1980) Зергер. Азыркы Манас районундагы Май-Дөбө деген жерде туулган. Киров районундагы Бейшеке айылында 82 жашында дүйнөдөн өткөн.

Кезегинде табыпчылык да кылган. Түйтө элинен чыккан Нурбек деген зергердин устачылыгына таасирленген. Уста даана күмүш менен узанган. Анын өнөрканасына кыз-келиндердин зер буюмдарын кармоонун көптөгөн ыкмалары таандык. Шакек, оймок, билерик, сөйкө, күбөк, желбирөөч өңдүү асем жасалгаларга «тогуз төбөлөп» айнек акак жана башка таш чөгөрө билген. Ар буюмунун көркөм калыбы, тоо текенин мүйүзүнөн бири бирине окшобогон жатагы болгон. Бир эле буюмга «сыя төгүү», «тогуз төбөлөө», «чапкылоо» ыкмаларын бирдей кылдаттыкта кармай алган. Бейшенаалынын «себетти» (күмүшкө төгүүчү сыя) жасоодо өзүнө гана таандык ыкмасы болгон. Тактап айтканда, өзү таасин деп жасап, кургатып алган. Ал чопо чөйчөгүнө мисти (кызыл жез), жезди (сары жез) өлчөп салып кайнаткан. Бул эки затты бириктирип эритиш үчүн белгилүү өлчөмдө коргошун кошкон. Кайнатып жатканда утуру күкүрт салып, аралаштырып отурган. Кайноосу жеткилең болгон суюктук жылтылдап чыкканда аны чыгараар замат жука темирге куйган. Ал катаары менен кийизге салып талкалап, майдалап алган. Зергердин күмүш бетиндеги жараткан оюмдары бири биринен айырмаланган. Ал жасап алган себетти (сыяны) күмүш бетиндеги оюм-чийимге берер алдында ага суу кошуп эзген. Кичинекей калакчасы аркылуу этиет куюп, кайра оттун табына кармаган. Ошондо себет агарып ысып чыгат. Аны чычырканактын көмүрүнө кошот да, кол көрүгү менен жай басат. Карайган себет төгүлгөн буюмга ыроологондо ал кашкая түшкөн. Оюмга зергер дагы «жандама чийим» түшүргөн. Уста ат жабдыктарына да кылдат узанган. Анын бөлүктөрү: жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, камчынын кайыш-көгүнүн жердигин бүтүндөй колдон жаратып, ага чабылган, «сыя төгүлгөн» шөкөттөрү кашкая түшкөн. Айлакер уста мергенчиликке, мүнүшкөрчүлүккө, элдик оюндарга өтө жакын болгон. Бүркүтүнүн баш бармагын түлкүгө чайнатып, бармагынын мүрү гана калганда ага жезден тырмак жасап, кыраан бирдемелерди чеңгелдегенде чоюла-кериле тургандай кылып, алгырын кыйла жылдары ууга салып жүргөн. Азыр зергердин асем нускалары айыл ичинде арбын сакталган. Айрымдары тарыхый-этнографиялык музейлерге экспонатталган. Бейшенаалынын таалиминде зергер айылдашы Дооронбеков Жакшылык кызуу узанууда. Эмгектери баттамада.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0