Курманхожаева Роза
Курманхожаева Роза (30. 6. 1953, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы — 15. 2. 2008, Бишкек) — педагогика илимдеринин доктору (2002), профессор (2003). В. В. Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1975). Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебинин мугалими (1976), Чолпон-Ата шаарындагы туберкулёзго каршы балдардын саламаттыгын сактоо санаторийинде англис тили мугалими (1977), Кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И. Арабаев атындагы КМПУ) педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу (1978—96), доценти (1996—2000), КМУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти (2001—04), кафедра башчысы (2005—08) болуп эмгектенген. 60тан ашык илимий эмгектин автору. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9