Курорт

Википедия дан
Курорттор‎»‎ барагынан багытталды)
Курортология.

Курорттор (немецче kurort — дарылоочу жер) — адамдын организмине жагымдуу таасир этүүчү табигый дарылоо факторлору (минералдуу суу, дары баткак, климат өзгөчөлүктөрү) бар жерлер. Дарылоо факторлоруна карата бальнеол., климаттык жана дары баткактуу болуп бөлүнөт. Бальнеологиялык курорттордо негизги дарылоо факторлору минералдуу суу. Минералдуу суу ваннага, бассейнге түшүү жана ичүү, ингаляция ж. б. процедуралар үчүн пайдаланылат.

Андай курортторго Кисловодск, Боржоми, Железноводск, Трускавец, Кыргызстанда Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б. кирет. Баткактуу курорттордо негизинен дарылоо фактору болуп дарылык касиети бар баткак колдонулат. Баткакты негизинен денеге жаап же ванна түрүндө пайдаланат. Көгүлтүр Ысык-Көл, Жыргалаң, Жалал-Абад ж. б. курорттордо башка факторлор менен катар баткак менен да дарылайт. Климаттык курорттор деңиз климаттуу, тоо климаттуу, ошондой эле токой, талаа, токойлуу талаа ж. б. климаттуу болуп айырмаланат. Климаттык курорттордо негизинен аба жана күн ванналары, ошондой эле сууга түшүү колдонулат. Анда климат менен дарылоочу жана ден соолукту чыңдоо процедураларын жүргүзүү үчүн атайын курулуштар (павильондор, верандалар, галереялар, аэрарий, солярий), күн нурун өлчөм менен пайдалануу үчүн дарылоо пляждары, сейилдөө үчүн маршруттар белгиленет. Жаратылыштын бир гана дарылык факторун колдонгон курорттор аз. Көпчүлүгү анын бир нече дарылык факторлорун колдонот. Мисалы, бальнеологиялык-баткактуу курорттордо минералдуу суу, дарылык касиети бар баткак, бальнеолологиялык-климаттык курорттордо минералдуу суу же климат менен дарылайт. Бул негизги курорттук дарылоодон тышкары дарылоо комплексине физиотерапия, дарылоочу дене тарбиясы, диета (мүнөз тамак), кээде дары-дармек кошулат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]