Мазмунга өтүү

Куртка флюорит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Куртка флюорит кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Молдо-Тоонун түштүк капталында, Сулу-Куртка суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте. 1949-, 1958- жана 1964-ж. изилденген. Кен аймагын карбондун башталышында пайда болгон акиташ, сланец катмарлары түзөт. Алардын арасында флюорит тулкусу линза түрүндө кезигет. Узундугу 40 м, туурасы 10 м, жалпы аянты 410 м2. Флюорит майда кристаллдуу, тыгыз. Өңү кочкул көк, сыякөк, ачык көк. Запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 30,8 миң т. Флюорит кара металлургия өнөр жайында флюс катары пайдаланууга жарактуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]