Курт Валдхайм
Вальдхайм Курт (21. 12. 1918-жылы туулган, Төмөнкү Австрия, Санкт-Андре-Вёрдерн) австриялык мамлекеттик ишмер, дипломат. Укук илимдеринин доктору. 1937-38-жылы Вена консулдук академиясында окуган. 1939-жылы Вена Университетинин юридика факультетине тапшырып (1944-жылы бүтүргөн), ошол эле жылы аскердик кызматка (вермахтка) чакырылган (1939-45). 1945-жылдан дипломатиялык кызматта. 1948-51-жылы Париждеги австриялык элчиликте секретарь, 195155-жылы ТИМдин кадрлар башкармалыгынын башчысы, 1955-жылы БУУда байкоочу,1956-58-жылы БУУнун посланниги, 1958-60-жылы Австриянын Канададагы элчиси, 1960-64-жылы ТИМдин саясий департаментинин башкы директору, 1968-70-жылы тышкы иштер министри, 1964-68-жылы жана 1970-71-жылы Австриянын БУУдагы туруктуу өкүлү. 1972-81-жылы БУУнун Генералдык секретары, 1982-жылдан БУУнун өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча атайын өкүлү. 1986-92-жылы Австриянын федералдык президенти. Эмгеги: Австрийский путь. М., 1976.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
| Улуттар Лигасынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылары | ||
|---|---|---|
| Улуттар Лигасы | Драммонд Жеймс Эрик · Жозеф Луи Анн Авеноль · Шон Лестер | |
| Бириккен Улуттар Уюму | Глэдвин Жебб · Тругве Ли · Даг Хаммаршөлд · У Тан · Курт Валдхайм · Хавьер Перес де Куэльяр · Бутрос Бутрос-Гали · Кофи Аннан · Пан Ги Мун · Антонио Гутерриш | |