Мазмунга өтүү

Курулуш комплекси

Википедия — ачык энциклопедия

Курулуш комплекси - бардык жалпы курулуштук жана адистештирилген уюмдар, ремонттук-курулуш уюмдары, механизация башкармалары жана үй салуу комбинаттары, ишке киргизүү уюмдары, мунайзат жана газды чалгындоочу скважиналардын курулушуна байланыштуу терең бургулоо иштерин ишке ашыруучу бургулоочу уюмдар да кирет.

Курулуш уюмдарынын негизги ишмердиги - заказчылар менен түзүлгөн келишим боюнча «курулуш» тармагындагы ишмердиктин бардык түрүнүн жалпы классификаторуна ылайык келүүчү подряддык иштерди аткаруу. Заказ берүүчү менен түзүлгөн келишимдери боюнча иштерди аткарган менчиктин бардык формасындагы юридикалык жактар, филиалдар, структуралык бөлүкчөлөр, чакан ишмердиктин субъектилери курулуш уюмдарынын комплексине кирет. Кыргыз Республикасындагы курулуш уюмунун саны 2005-ж. 581ге барабар болсо, 2009-ж. - 741ди түзгөн. Келишимдер боюнча аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2005-ж. 6542,7 млн. сомду түзсө, 2009-ж. 14 386,6 млн. сомго чейин өскөн.

Экономиканын бардык тармактарын бир убакта колдонуу жана өнүктүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген финансылык жана материалдык ресурстардын иш жүзүндөгү чектелүүлүгүнө байланыштуу, эң жакынкы перспективада, негизинен, жергиликтүү сырьё ресурстарын пайдалана турган, зор салымдарды ж. б. сарптоолорду талап кылбаган тармактарды, о. э. республиканын экономикасынын иштеп турушу үчүн турмуштук зор мааниге ээ болгон тармактарды өнүктүрүү боюнча Курулуш комплексинде бир катар чараларды турмушка ашыруу болжолдонууда.

Курулуш комплекси үчүн төмөнкү милдеттер өтө артыкчылыктуу болуулары тийиш:

  • электр энергетикасында энергетикалык программага ылайык «Кыргыз-энерго» АКсынын объектилерин, өзгөчө Шамалды-Сай, Таш-Көмүр жана КамбарАта ГЭСтериндеги курулуш жумуштарын улантуу, чет өлкөлүк түз инвестициялардын эсебинен 1жана 2-Камбар-Ата курулушун алга жылдырууга өзгөчө көңүл буруу;
  • көмүр өнөр жайында Кара-Кече разрезиндеги казып алууларды жана көмүрдү ачык жол менен казып алуучу чакан ишканаларды курууга, анын ичинде ишканалардын жана жеке капиталдын каражаттарын тартуу менен көмүрдү ташуу үчүн автомобиль жана темир жолдорун куруп, андан ары өнүктүрүүтү кароо;
  • газ өнөр жайында Ташкент - Бишкек - Алматы газпроводунун участкасын салууиу аяктоо жана Сокулук айылында компрессордук станцияны курууга киришүү;
  • нефть өнөр жайында нефть алуу чараларын кароо, нефть иликтөө боюнча геологиялык-чалгындоо жана терең бургулоо жумуштарын улантуу;
  • алтын казып алуу өнөр жайында калдыктар сакталуучу жайларды ж. б., Ысык-Көл областындагы «Кум-Төр Голд компани» жана Талас областындагы «Жер-Үй Голд компани» ишканаларын, о. э. башка алтын казып алуу ишканаларын курууну улантуу;
  • түстүү металлургияда Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч материалдар заводун жана Сары-Жаз калай кенинин ишканасын курууну улантуу;
  • айыл чарба комплексинде пландаштырылып жаткан кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү эсепке алуу менен курулуш ресурстарын суу чарба объектилерин ремонттоого, курууга көбүрөөк топтоштуруу;
  • кайра иштетип чыгуу өнөр жайында Ак-Суудагы жүгөрүнү кайра иштетип чыгуучу жана Ачыдагы мөмөлөрдү кайра иштетип чыгуучу комбинаттардын ишке киргизилишин камсыз кылуу;
  • жеңил өнөр жайында жаңы өнөр жай ишканаларын куруу жана эскилерин структуралык кайра курууну улантуу;
  • инфраструктурада курулуш материалдарын, жаңы технологияларды биринчи кезекте коммуналдык чарбаны, билим берүүнү, саламаттык сактоону жакшыртууга, жүргүнчүлөрдүн электр транспортун өнүктүрүүгө жумшоо.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9