Курфюрсттар

Википедия дан

Курфюрсттар (немецче Kur — шайлоо, Furst — князь) — «Ыйык Рим империясында» 13-кылымдан королду шайлоого укуктуу княздар. Трир, Кёльн жана Майнц архиепископтору, Саксония, Пфальц, Бранденбург ак сөөк княздары жана Чехия королу Курфюрсттар болушкан. Курфюрсттардын укугу жана өзгөчө артыкчылыгы Карл VIнүн Алтын буласы (1356) аркылуу юрид. күчкө ээ болгон. Рейхстагда Курфюрсттар коллегиясы биринчи курияны уюштурган. 1806-жылы империянын жоюлушу менен Курфюрсттар коллегиясы да иштебей калып, алардын титулун формалдуу түрдө Гессен-Касселдин башкаруучулары гана 1866-жылга чейин сактап келишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]