Мазмунга өтүү

Курчоо

Википедия — ачык энциклопедия

Курчоо (согушта) — душман топторун башка аскерлеринен ажыратып, талкалоо же туткундоо. Курчоо душмандын коргонуусун фронттун бир нече участкасынан бузуп кирип, кошулуу багытында чабуулду күчөтүү менен ишке ашырылат. Анын натыйжасында душмандын курчоодогу топторун башка аскерлеринен ажыратуучу сырткы фронт жана туташ ички фронт түзүлөт. Курчоо чегинген душмандын артынан түшүүдө, контр чабуул убагында ж. б. учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941—45) советтик аскерлер Сталинград салгылашында (1942—43), Яссы—Кишинёв (1944), Берлин (1945) ж. б. операцияларында душмандын эң ири топторун курчоого алып талкалаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]