Кутбилим-Сабак

Википедия дан

«Кутбилим-Сабак» – «Кутбилим» гезитинин окуу-методикалык тиркемеси.

1999-жылдын январынан бери карай басылып чыгууда. «Кутбилим-Сабак» айына бир жолу кыргыз, орус тилдеринде жарык көрөт. Тиркеменин «Кутбилим сабактын лекциондук залы», «Педагогиканын классиктери», «Окутуунун алдыңкы усулдары», «Стандарттуу эмес сабак», «Интеграцияланган сабак», «Алдыңкы педагогикалык тажрыйба», «Көңүлдүү математика», «Класстан тышкаркы иш чара», «Мектеп сахнасына», «Окумуштуулар мектепке», «Балдарга айтып бериңиз» ж. б. у. с. рубрикалары астында салтка айланбаган сабактардын мыкты үлгүлөрү, иштелмелери, окутуунун ж-а класстан тышкаркы иштердин заманбап усул-ыкмалары жарыяланып келүүдө. Тиркеме жеке мугалимдин ишкердүүлүгүн гана чагылдырбастан, окурмандарды учурдагы билим берүү системасын реформалоонун алдыңкы сабында бараткан педагогикалык коллективдердин иш- тажрыйбалары м-н тааныштыруу максатында көзөмөл тутат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6