Кутейба ибн Муслим

Википедия дан
Кутейба бен Муслим ал-Бахили Абу Хафс‎»‎ барагынан багытталды)

Кутейба ибн Муслим ал-Бахили Абу Хафс (668 — 715) — араб аскер кол башчысы.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кутейба ибн Муслим ал-Бахили Абу Хафс (668—715) Ирактын Басра аймагында араптардын бахили уруусунун өкүлүнүн үй-бүлөсүндө туулган.
Ирактын бийлөөчүсү Хаджаж ибн Юсуф аны 704-жылы борбору Мерв (азыркы Мары) шаары болгон Хорасан аймагынын башчысы (наместниги) кылып дайындаган. Кутейба аймак калкы ислам динин кабыл алуусу үчүн зомбулук аскердик аракеттерге барган.

Фарсылар менен Аму дарыясынынын оң жээгиндеги түрктөрдүн көп жылдык кагылышууларынан пайдаланып, Кутейба 705-жылы Балхты (азыркы Ооганстандагы Мазари-Шариф шаары), 706—09-жылдары Букара шаарын, 710—12-жылдары Самарканд жана Хорезмди, 712-жылы Фергананын батышын басып алган.

713-жылы Кашкарды каратуу аракети майнапсыз болгон.
Ал эми 715-жылы өз тарапташтарынын Омейяддардын халифи Сулайман бен Абдал Маликти багындыруу аракеттери ишке ашпай калып, каршылаштары болгон араптардын колбашчылары тарабынан ошол эле 715-жылы Фергана аймагында (так жери белгисиз) кутумда өлтүрүлгөн.

Кутейбанын баскынчылыгына каршы күрөштө Зеравшандагы Согду падышалыгына Түргөш каганаты колдоо көрсөтүп келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]