Кутманова Айнура Зарылбековна
Кутманова Айнура Зарылбековна — (6-июнда 1962-жылы туулган, Ош шаары) — жогорку категориядагы жугуштуу оорулар дарыгери, медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2012), Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери (2002), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынынын ээси (2008); Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (2020), Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы (2017-жылдан тартып).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кутманова Айнура Зарылбековна — 6-июнда 1962-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз.
Ишмер тажрыйбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун дарылоо адистиги боюнча бүтүргөн.
1985–1987-жылдары аталган институттун жугуштуу оорулар кафедрасында клиникалык ординатурадан өткөн.
1987–1988-жылдары Фрунзе шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгер болуп иштеген.
Илимий ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1988–1991-жылдары акад. И.П. Павлов атындагы I Ленинград медициналык институтунун аспирантурасында окуп,
1992-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
2001-жылы академик И.П. Павлов атындагы 1-Санкт-Петербург мамлекеттик медициналык университетинде докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы берилген.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор окумуштуулук наамы ыйгарылган.
1991–2017-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жугуштуу оорулар кафедрасында ассистент, доцент, профессордун орун басары, кафедранын башчысы жана окуу-уюштуруучулук жана усулдук иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.
2017-жылдан тартып Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти катары консультациялык-уюштуруучулук жардам көрсөтүп, жугуштуу оорулардын: вирустук E гепатити (1987), малярия (безгек) (2002), пандемиялык грипп (2010), кара тумоо (чума) (2013), COVID-19 (2020-2022) көтөрүлүштөрүн жоюу иштерине катышкан.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына кошкон чоң салымы үчүн төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:
- 2002 - «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси;
- 2008 - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы»;
- 2020 - «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамы ыйгарылган.
Жетекчилиги алдында 1 докторлук жана 5 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон.
Негизги илимий эмгектери жугуштуу оорулар (вирустук гепатитке, бруцеллёзго ж. б.) тематикасына арналган. 160тан ашык илимий эмгеги бар, анын ичинде макалалар, монографиялар, студенттер жана дарыгерлер үчүн окуу куралдары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9