Куттубаев, Асанкул

Википедия дан

Куттубаев Асанкул (1912- 1994-ж.), Сокулук району. Белек айылы)- артист, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти (1962).
Чыгармачылык жолун 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик театрында баштаган.
1938-42-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрында (азыркы опера жана балет театры), 1942-58-жылы Кыргыз драма театрында, 1958-88-жылы Нарын облустук музыкалык драма театрында иштеген.
Театрда аткарган негизги ролдору: Калыбек (либреттосу Ж. Бөкөнбаевдики, «Алтын кыз» ), Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Мамалак (К. Жантөшев, «Ким кантти»), Белли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан») жана башка.
Кыргыз адабияты менен исскуствосунун 1939-ж. Москвада өткөн 1-декадасына Калыбек ырчынын ролу менен катышкан.
Киноактерлукту 1972-ж. тартылган “Эски тегирмен” деген киного география мугалиминин ролун аткаруу менен баштаган.
Бир катар кинолордо башкы ролдорду ойноп, өзүн чебер киноактер катары көрсөткөн. Аларга: Момун (Ч. Айтматов, Б. Шамшиев, «Ак кеме», Кыргызфильм), Майрамовдун атасы (Т. Океев, «Улан», Кыргызфильм), Бердиев («Фонтан», Ленфильм), Шаубай (Б. Омаров, «Ай астындагы үй», Казак фильм) жана башка.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтымыш жашында актёрлукту багындырган Момун чал(жеткиликсиз шилтеме)