Куту

Википедия дан

Куту«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, жедигер элинин аксакалы, кадырман, акылга дыйкан, чечен адам:

Келер менен кетерди,

Кеңири билген жан экен.

Семеңе тийген Кыязга

Карасаң мындай Кутунун

Чоң кастыгы бар экен (Курама вариант, «Сейтек», 56).

Айчүрөк уул төрөгөндө баладан күмөн санаган Кыяска К. нуска сөзүн айтып, той берип, баланын атын өзүң кой деп Сейтектин аман өсүп, эр жетишине көмөктөш болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4