Кутурган тоосу

Википедия дан
Кутурган, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Кутурган тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Чаңгет сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 24 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 1750–1850 м, эң бийик жери 2415 м.

Жону түзөң жана тайпак, капталдары жантайыңкы. Негизинен кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, гравелит, чопо тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун капталына (1300–1400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа, сейрек өскөн жаңгак токою мүнөздүү. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]