Кутурган кум кени
Кутурган кум кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Күрмөнтү кыштагынан 13 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1620 м бийиктикте. 1961-ж. Чүй комплекстүү геол. экспедициясы чалгындаган. Калыңдыгы 0,5 мге чейин шагыл жана майда жумуру таш кабатчалары бар, ири бүртүкчөдөн майда бүртүкчөгө чейин болгон боз-кызгылт түстөгү, жуулган, таза көл куму кен аймагын түзөт. Кумдун орточо калыңдыгы 2,25 м. Гранулометриялык курамы: 10 ммден ириси – 0,59%, 5 мм – 1,61%, 2,5 мм – 8,64%, 1,25 мм – 13,97%, 0,6 мм – 37,85%, 0,3 мм – 28,54%, 0,14 мм – 9,78%, 0,14 ммден майдасы – 1,5%. Орточо ири модулу 2,79. Чаң жана чопо бүртүкчөлөрү 0,9%ти түзөт. Кум ар түрдүү маркадагы бетонду даярдоого жана курулуш ылайын жасоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 384 миң м3, В – 709 миң м3, С1 – 2577 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7