Мазмунга өтүү

Куш таптоо

Википедия — ачык энциклопедия

Куш таптоо — алгыр куштарды аң уулоого үйрөтүү. Алгыр куштарды тор жайып, тузак тартып, кылтак салып жана уядан темир канат кезинде же учар маалында кармап алат. Таптоо кармалган мүнөттөн эле башталат. Балапанга үйдө уя, чоңоё түшкөндө туур жасалат. Күнүнө 3—4 маал уясына эт ташталып, колдон эт жана жем жегенге үйрөтүү менен үндөккө (жем бергенде «Пө! пө!» — деп кыйкырат) да маштайт. Балапанды чоңойтуп, үйүр алдырууда көп тойгузбайт, туздуу эт берилбейт, колго албайт. Чоңойгон сайын колго же туурга конууга үйрөтөт. Туурга конууга көнгөндөн баштап көзүнө томого (кээде жылчык гана калгандай кылып көзүн тигип коюшат) кийгизип, бутуна чолок боо тагылат. Түнү уйкудан жүдөтүп, күндүзү колдон түшүрбөй алып жүрөт. Колдон эт алганга көнгөндөн кийин тигилген көзүн ачып, үй-бүлө мүчөлөрүнө, айыл-кыштактын шарттарына, аңчы иттерге үйүр алдырат. Бул этапта кушка жаңы, таза жана тузсуз эттен азыраак берип туруу керек. Бүркүттү семиртүү үчүн «кызыл эт» берип багышат. Кызыл эт менен багуу «тойгузуу» же «сөөгүн агартуу» деп аталат. Кушту арыктатуу үчүн «ак жем», бир калыпта кармоо үчүн «сары бөртмө», чыйрыктыруу үчүн «тартма», «толорсук» деп аталган жемдер берилет. Аңчылыкка чыгар алдында же маал-маалы менен кийиз, кыл, жүн, жип, куштун канаты, арчанын бүрүн ж. б. жутканга мажбурлап, аткы, кант кошулган эт, суулук (жылуу суу менен ак жем) ж. б. колдонуу менен бүркүттүн ичин тазалап турат. Куш сиңбеген тамак-аш калдыктарын кусуп салат. Куш үйүр алгандан кийин учуп кеалбагандай бутун тушап, оозун байлап коюшат. Даярдалган тирүү жаныбарга токтоосуз, чечкиндүү кол салууга жеткенде, куш табына келген болот. ошондой эле кыргыздарда сагызганды жана кузгунду да тапка келтирип, аңчылык кылууда пайдаланышкан. Байыртадан элибизде сагызганды ар кандай коркунучтардан кабар берген кабарчы катары пайдалангандан тышкары, үйрөтүлгөн сагызганды ууга чыкканда алдын ала учуруп, анын шакылдаган үнү аркылуу жакын арада аңчылык кыла турган жаныбардын бар экендигин билишкен. Кыргызстанда бул байыркы өнөр менен Алай районундагы Терек айылынын тургуну К. Дүйшөбаев (сагызган таптайт), Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Т. Жапаров (кузгун таптайт) алектенет. Куштарды аң уулоого үйрөтүү процесси тап жана бап, үйрөткөн киши тапкер жана бапкер деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]