Куюндуу токтор

Википедия дан

Куюндуу токтор (Фуко токтору) – массасы чоң өткөргүчтү кесип өтүүчү магниттик агым өзгөргөн кезде пайда болгон туюк электр токтору.

Куюндуу токтор индукциялык токтор болот, алар магнит талаасы убакыт боюнча өзгөргөндө же магнит талаасында өткөрүүчү нерсе кыймылга келгенде өткөрүүчү нерседе пайда болушат. Куюндуу токтор түздөн-түз өткөрүүчү массада куюндуу контурду пайда кылып, туюкталат.

Өзгөрмө магнит талаасындагы чулу металлдын электр каршылыгы аз болгондуктан пайда болгон токтордун күчү чоң мааниге жетет. Индукциянын ЭКК магнит талаасынын агымынын өзгөрүү тездигине пропорциялаш болгондуктан өткөргүч аркылуу өткөн магнит талаасынын өзгөрүшү тездеген сайын өткөргүчтө пайда болгон индукциялык токтун күчү көбөйөт. Ленц эрежеси боюнча Куюндуу токтордун өздүк магнит талаасы, аларды пайда кылган сырткы магнит талаасынын агымынын өзгөрү-шүнө дайыма каршы аракет кылуучу багытта болот. Куюндуу токтордун магнит талаасы өткөргүчтүн тышкы бетине сүрүлүп чыгат. Бул кубулуш магниттик скин-эффект деп аталат. Куюндуу токтор өзгөрмө ток өтүп жаткан өткөргүчтө дагы пайда болот. Алар өткөргүчтүн туурасынан кесилишинде токтун бирдей эмес бөлүштүрүлүшүнө алып келет. Эгерде өткөргүчтө ток жүрүп турса, анда токтун көбөйүү учурундагы Куюндуу токтордун багыттары 2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй болот.

Бул токтордун багыттары өткөр-гүчтүн бетинде негизги токтун багытына дал келет да, ал эми өткөргүчтүн огунда ага каршы багытталат. Мунун натыйжасында өткөргүчтүн ичинде ток азайып, сырткы бетинин катмарында көбөйөт. Жогорку жыштыктагы токтор өткөргүчтүн жука беттик катмары аркылуу агат. Өткөргүчтүн ичинде ток болбойт. Бул кубулуш электрдик скин-эффект деп аталат.

Өткөргүчтөрдү Куюндуу токтор менен ысытуу металлургияда металлдарды эритүүдө жана алардын куймаларын даярдоодо, лабораториялык практикада Куюндуу токтор вакуум техникасында абасы сордурулуп жаткан идиштин ичиндеги металлдарды ысытып газдын калдыктарын бөлүп чыгарууда колдонулат. Трансформаторлордун темир өзөкчөлөрүндө жана электр генераторлорунун айлануучу бөлүктөрүндө пайда болуучу Куюндуу токтор аларды ысытып, энергиянын коромжу болушуна алып келет. Ал К. т-ду начарлатыш үчүн анын тетиктери бири биринен диэлектрик катмарлар менен бөлүнгөн калдыркан тактачалар түрүндө даярдалат. Куюндуу токтордун сырткы магнит талаасы менен аракеттешүүсү электр эсептегичте, электрдик өлчөөчү куралда, тахометрде ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]