Кыдынов, Молдокерим

Википедия дан
Кыдынов Молдокерим

Кыдынов Молдокерим (1928-ж. т., Чүй району, Алчалы айлы)— химик, химия илимдеринин доктору (1971), профессор (1973).
1951-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн.
1965—75-ж. Кыргызстан ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институнун директорунун илимий иштери боюнча орун басары (1960—65) жана директору.
1962-жылдан органикалык эмес заттары синтездөө лабораториясына жетекчи. Анын илимий иштери жаратылыш туздарынын физикалык химиясын үйрөнүүгө жана органикалык эмес заттарды, комплекстерди технологиялык жактан иштеп чыгууга арналган. Кыдыновдун 312 «илимий эмгеги (анын 7си монография), 12 автордук ойлоп чыгуу күбөлүгү бар.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.