Кыдыралиев, Капар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыдыралиев Капар
Капар1.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кыдыралиев Капар
Туулган жылы: 1929
Каза болгон жылы: 1990
Туулган жери: Мантыш, кыштак, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Каза болгон жери: Кочкор айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Педагог, агартуунун уюштуруучусу

Капар Кыдыралиев - агартуу ишин уюштуруучу.

Алгы сөз[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар Кыдыралиев тууралуу кийинки муундардын кабары жок болуп калды. Бул инсандын [[Нарын облусунда]] агартуу ишин жолго коюу боюнча 1950-1990-жылдарда жүргүзгөн иштери кийинки муундар үчүн үлгү болууга татырлык. Кыдыралиев тууралуу Нарын облусунун энциклопедиясынан окуй аласыңар. Бирок, Интернетте эч маалымат жок экен. Ошондуктан, убактымды аябастан, бул көрүнүктүү инсан тууралуу маалыматты Интернетке, кыргыз Уикипедиясына киргизип коюну туура таптым. Аткарган иштерин кийинки муундарга үлгү болуп кызмат этерлик даражада баяндай алсам, бул ишиме Капар агамдын арбагы ыраазы болсун.

Кыдыралиев Капар эс алууда

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар Кыдыралиев 1928-жылы Кочкор районунда Мантыш айлында туулган. 1946-жылы (мурдагы Фрунзе) Бишкек шаарындагы №5 кыргыз орто мектебин бутургөндвн кийин, Фрунзе шаарындагы мугалимдер институтуна кирип, аны 1948-жылы ийгиликтуу аяктаган. Эмгек жолун Чолпон районундагы "Ак-Талаа" 7 жылдык мектебинде директор болуп иштөө менен баштаган. 1952-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, Кочкор районундагы Калинин орто мектебине директор болуп дайындалат. 1960-жылы Кочкор районундук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштайт. Ал кызматта 12 жыл эмгектенгенден кийин 1972-жылы Нарын облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Бул кызматта Кыдыралиев эс алууга чыкканга чейин 19 жыл иштейт.

Кыдыралиев Капар үй-бүлөсү менен

Кыдыралиев Капар 1990-жылы Кочкор кыштагында дүйнөдөн кайткан. Анын ысмы түбөлүккө сактоо үчүн Кочкор районундагы Калинин орто мектебине берилген. Анын уюштуруучулук жана агартуучулук ишмердиги өзгөчө адегенде райондук, андан кийин облустук элге билим берүү бөлүмдөрүн башкарып турган учурларында көрүнгөн. Кыргыз республикасынын агартуу тармагында союз мезгилинен бери болгону эки мугалим Социалисттик Эмгектин баатыры болсо, бул экөө тең Нарын областынан. Булар - Мамбеталиев Көкөбай жана Койчуманов Апыш. Мамбеталиев Көкөбайдын ысмы Кочкор районундагы "Талаа-Булак" орто мектебине берилген. Көкөбай агай түзгөн зоологиялык музей, республикалык зоологиялык музейден алда канча мыкты дешке болот. Койчуманов Апыштын ысмы дагы Ат-Башы районундагы өзү иштеген "Ой-Терскен" орто мектебине берилген. Кыдыралиев учурунда бул адамдар менен чукулунан иштешип, аларга ылайыктуу шарттарды түзүп берип, дайыма шер байлатып көтөрмөлөп тургандыктан ушундай натыйжа жаралган. Ошондой эле, бул жылдары ондогон эл агартуунун мыктылары жана эмгек сиңирген мугалимдер тарбияланып чыккан. Алардын бири Кочкор районундагы "Эпкин" орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Мааткеримов Асыранбек. Азыр бул мектеп Мааткеримовдун ысмын алып жүрөт.

Тун уулу Үсөн үйлөнгөндө

Кыдыралиев өзү иштеген Кочкор районундагы ошол кездеги 27 мектептин жетекчилеринин гана эмес, ар бир мугалимдин аты-жөнүн, турмуш-шартын, канча баласы бар экенин ийне-жибине чейин мыкты биле турган. Кийин Нарын областынын эл агартуу тармагын жетектегенде да областтын педагогикалык кадрлары тууралуу маалыматы абдан толук болучу. Ар бир мугалимдин эмнеге жөндөмдүү экенин, кандай ийгиликтерге жетише аларын билчү.

Кыдыралиев Капар менен К.Акназаров буура минип буркулдайт

Кыдыралиев Капардын кадыр-баркы мугалимдер арасында гана эмес, эл арасында дагы зор эле; бул кишинин авторитети ошондогу райкомдун же обкомдун 1-секретарыныкынан кем болгон эмес. Капар агай өз айылынан, тууган-туушкандарынан кол үзбөй, дайыма тыгыз байланышта болгон. Ал кишинин аш-тойлордогу, сөөк коюудагы туугандар арасында уюштуруп кеткен таалим-тартиби бүгүн дагы сакталып келе жатат.
Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, Кыдыралиев Капар ар бир адам менен тилин таап, бала менен баладай, чоңдор менен чоңдой сүйлөшө билген психолог-даанышман эле. Анын ар бир адамдын жөндөмүн тааный билген сынчылык сапатын айтып өттүк. Ошондуктан ал коллективдеги мыкты мугалимди таап жана аны менен андан ары иштешип кетчү. Кыдыралиевдин чукугандай сөз тапкан чечендигин, тамашакөйлүгүн, ар бир маселени чече билген шарлыгын жана тапкычтыгын бул кишини билгендер дайыма айтып калышат.
Капар агай ошол убактагы кыргыз интеллигенциясынын Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Абдылас Малдыбаев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Майрамкан Абылкасымова, Исабек Исаков, Сагындык Өмүрбаев сыяктуу жана башка көрүнүктүү өкүлдөрүнүн, советтик-партиялык кызматкерлердин көбү менен менен тыгыз байланышта болгон жана бул байланыштарды иштин кызыкчылыгы менен айкалыштырып пайдаланган.

Кыдыралиев Капар жакындары менен

Ар кыл наамдары, сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз эл агартуу Министирлигинин ардак грамотасы менен 3 жолу сыйланган
  • Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги
  • Кыргыз ССРнин мектептерине эмгек синирген мугалим
  • Эмгек Кызыл Туу ордени
  • Элдердин достугу ордени
  • Ардак белгиси ордени
Кыдыралиев Капар менен А. Койчуманов

Эстелик[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеби

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Байбичеси Султаналиева Гүлнар. Уулдары: Үсөн, Сыргак, Асан, Улан. Кыздары Бактыгүл,Анара. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Сыргак физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу, профессор. Улуусу Үсөн. Анан Сыргак. Асан.Улан. Кенжеси Анара. Бактыгүл дүйнөдөн кайтып кетти. http://a2.sphotos.ak.fbcdn.net/hphotos-ak-ash3/

Үсөн зайбы Гүлмира, уулу керим менен

Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал тууралуу ар кыл баалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин мугалими ал тууралуу мындай ыр жазган экен:

 
Мыктысы кыргыз элинин,
Гүлү эле кутман жеринин.
Билимге жалаң арнаган,
Бут бойдон талант, өмүрүн.
Сүйлөсө сөзгө сөздү кынай билген,
Жарашып кийимди да кие билген.
Акылдуу жана дагы мээримдүү эле,
Балдарын медер тутуп сыйлай билген.
Улантып калган өмүрүн,
Балдары гүлүн ачкан кез.
Талыкпас эмгек жаратып,
Бактысын иштен тапкан кез.
Кыдыралиев Капардын жакындары

Ал тууралуу китептер жана макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]



  • ISBN