Кыдыралиев Сабыржан
Кыдыралиев Сабыржан (1952, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айылы) — техника илимдер доктору (1993), профессор (1995), Кыргызстан Ленин комсомолунун илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын лауреаты (1989). Ташкент политехникалык институтун (1974), Москва мамлекеттик техникалык университетинде (ММТУ) аспирантураны (1979) бүтүргөн. ФПИде улук лаборант, улук инженер жана ММТУда стажёр-мугалим; КТУда ассистент, улук окутуучу, доцент, профессор; Жалал-Абад техникалык университетинде илим боюнча проректор (1993); КР УИАнын Түштүк бөлүмүнө караштуу Энергетика жана электроника институтунда директор, лабороториялык башчысы жана ЖАМУда профессор (1995). Ширетүү, конструкциялык материалдарды иштетүү жана биотехнология боюнча адис. 85тен ашык илимий иштин, андан ичкери 7 илимий-методикалык эмгектин, 10 ойлоп табуунун автору. Эмгектери: Влияние расхода газа на характеристики плазменной дуги. 1989; Методические указания к лабораторным работам по курсу «Материаловедение и обработка конструкционных материалов». Б., 1989.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9