Кызарт тоосу

Википедия дан

Кызарт тоосу - Ички Теңир-Тоодо. Чыгышындагы Каракокту тоосунан батыштагы Кызарт суусунун өрөөнүнө чейин 30 кмге созулуп жатат.

Туурасы 16 км, орт. Бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4400 м. Түн. Капталы жазы келип, Кызарт суусунун өрөөнүнө түшөт. Түш. капталы кыска, андан Төлөк ж-а Килемче суулары башталат. Ал суулардын аралыгындагы мойнок аркылуу Соңкөл тоосу м-н туташат. К. т. неоген-төртүнчүлүк доордо көтөрүлгөн горстмегантиклиналь. Негизинен сланец, алевролит, туф ж. б. тектерден түзүлгөн. Кырында ж-а тармактарында 4000–3200 м бийиктикте байыркы тайпак жондор кездешет. Тепши сымал өрөөндөр да бар. Азыркы мөңгүлөр 4400–3640 м бийиктикте жайгашкан (аянты 13,2 км2), алардын этегинде мореналар жатат. Айрым жеринде мореналар тоонун этегине чейин жетет. Бийик тоолуу талаа (2300–2800 м), субальп (2800–3100 м), альп (3100–3400 м) шалбаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2