Кызыкчылыктардын агрегациясы
Кызыкчылыктардын агрегациясы - өкмөттүк структураларга берилген көптөгөн жеке талаптарды бир өңчөйлөштүрүүчү процесс. Талаптардын көп түрдүүлүгү белгилүү ырааттуулукка ээ болуп, иерархиялык мамилелер бекемделет.
Кызыкчылыктардын агрегациясынын жардамы менен кээ бир саясий талаптар күчүнө чыгып, компромисттик формага ээ болуп же жарабай калышы мүмкүн. Иш жүзүнө ашырууга деталдуу сунуштары менен берилген айкын талаптар ийгилик менен тез мөөнөттө келиши мүмкүн. Түрдүү өлкөлөрдө маданий жана саясий салттарга байланыштуу Кызыкчылыктардын агрегациясынын түрдүү стилдери артыкчылык кылат. Европа жана АКШда прагматикалык макулдашуунун стили кеңири жайылган. Бул учурда макулдашуу жана компромисстер идеологиянын ой-пикиринен артыкчылык кылат. Кээде партиялар кызыкчылыктарды макулдаштыруу үчүн да идеологиялык өзгөчөлүктөрүн унутууга даяр эмес. Бул учур үчүн принциптерди сактоо стили мүмкүн. Ошентип, кээде Кызыкчылыктардын агрегациясынын натыйжасы - саясий уюмдашуу болуп калат. Кызыкчылыктардын агрегациясы саясий системанын функцияларынын бири.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6