Кызылагын тоосу

Википедия дан

Кызылагын тоосуАкадемик Адышев кырка тоосунун бир тармагы.

Түштүгүнөн Көк-Суу тоосу, түндүгүнөн Акбогус өрөөнү, чыгышынан Чоңказык, батышынан Андакул – Чыңылдак өрөөндөрү м-н чектешет. Кызылагын өз алдынча төрт тоого (Зордобука, Кызылагын, Андакул –Чыңылдак, Аюутапан) бөлүнөт. Жалпы уз. 20 кмдей. Орт бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери 4697 м. Түндүктөн түштүктү карай бийиктеп, Музтаг (4697м), Көксуу, Алайкуу тоолору м-н биригип кетет. Палеозойдун сланец, алевролит, акиташ теги ж-а конгломерат тектеринен турат. Капталдарына корум, кум-шагылдуу беттер, байыркы ж-а азыркы мореналар («төөкарын»), тектирчелер, чуңкурчактар ж-а тепши сымалөрөөндөр мүнөздүү. Түн. Капталдарында байыркы тайпаң жондор ж-а сырттар кездешет. Мөңгүлүү. Негизинен арчалуу токой (2500–3300 м), субальп (3300–3600 м), шалбаалуу альп (3600–3900 м) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2