Кызылсуу-Кыргыз aвтоном oблусу

Wikipedia дан
Кызылсуу-Кыргыз aвтоном oблусу
кыт. 克孜勒苏柯尔克孜自治州
кырг. قىزىلسۇۇ قىرعىز اپتونوم وبلاسى / Кызылсуу Кыргыз aптоном oбласы
уйг. قىزىلسۇ قىرغىز ئاپتونوم ئوبلاستى
Өлкө

Кытай

Административдик борбор

Артыш

Расмий тили

Кыргыз тили, Уйгур тили

Калкы

500.007

Жыштыгы

7,25 адам/км²

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Координаттары: 39°40′N 76°43′E / 39.667°N 76.717°E / 39.667; 76.717 Coordinates: Parameter: "scale=" should be "scale:"

Кызыл-Суу Кыргыз aвтоном oблусу ( кыт. жең. 克孜勒苏柯尔克孜自治州, пиньинь: Kèzīlèsū Kē'ěrkèzī Zìzhìzhōu, кырг. قىزىلسۇۇ قىرعىز اپتونوم وبلاسى / Кызылсуу Кыргыз aптоном oбласы, уйг. قىزىلسۇ قىرغىز ئاپتونوم ئوبلاستى) — КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунун батышындагы автономдук облус (округ). Борбору Артыш. Облус бул жерден агып өтүүчү Кызылсуу дарыясынын атынан аталган.

Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу району[оңдоо | булагын оңдоо]

Чыгыш Түркстан (Батыш Кытай, Ички Азия) деп аталган аймакты, ага чектеш жерлерди кыргыздар эзелтеден мекендеп келишет. Учурда Чыгыш Түркстан аймагы түндүгүнөн Теңир-Тоо, түштүгүнөн Куэн-Лун, батышынан Алай тоолору, Афганистан, Памир тоолору менен чектешет. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан соң, бул жерлер аталган өлкөнүн юрисдикциясына өткөн. Кошуна өлкөнүн кыргыздары - «кытай кыргыздары» же «кытайлык кыргыздар» деп аталат. Аталган кенен аймактарда кыргыздардын эл болуп калыптануусунун негизги, өзөккү этаптары жүргөн. Бул өлкөдөгү кыргыздар жалпысынан компакттуу жашашат. Чыгыш Түркстандын кыргыздары аймактагы жашаган 13 тилде сүйлөгөн калктардын эң ирилеринин бири. Кыргыздар өз алдынча Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу району статусуна ээ. Эне тилде жарык көргөн гезит-журналдар, илимий басылмалар, китептер, мектептер жана башка маданий-агартуу очоктору кытайлык кыргыз калкынын муктаждыктарын камсыз кылып турат. Бул багытта кытай өкмөтүнүн улуттук азчылыктар боюнча жүргүзгөн саясаты, кам көрүүсүн белгилөөгө татыырлык. Учурда Кытай Эл Республикасында 170 000 кыргыз болсо, алардын 150 000 Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу районунда жашашат. Мындан сырткары, Түндүк Шинжаңда (Синцзян - «Жаңы чек, ээлик»), Иле Казак областынын Текес районунун Көк-Терек айылында миңдей, Шаты - айылында 2 миңдей, Жаман-Суу айылында Миндей, Таш-Коргон Тажик автономиялуу районунун Көк- Жар, Уйгурлардын Гума районунун Кең-Кыр айылдарында да кыргыздар бар. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Үрүмчү жана башка шаарларда, райондордо жашашат.

Географиялык жайгашуусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыздардын географиялык жайгашуусу түндүктөгү Куча шаарынан түштүктөгү Каралаш дарыясынын өрөөндөрүн кучагына камтыйт. 20-к. баш чендеринде Куэн-Лун тоолорунун ичинде кыргыздардын негизги бөлүгүнөн ыраак жайгашкан, өздөрүн кыргыз-кыпчактар же кыргыздын кыпчак уруусуна таандыкпыз деген көчмөндөрдүн тобу катталган. Айрым информаторлор Тибет аймагында да кыргыздар бар экендигин белгилешет. Бул маалыматтар А.В.Станишевскийдин Ладакта (Тибетте) 1000 чамалуу (20-к 50-ж.) кыргыздар жашайт деген фактысы менен бекемделет. Тибетке ыктаган сары уйгурлардын, Лоп көлүнүн (Лоб-Нор) айланасын байырлаган лоптуктардын байыркы кыргыздардын бир бөлүгү экендиги да соңку иликтөөлөрдө далилденүүдө. Мындан сырткары, Ички Азия аймагында кыргыздар эзелтеден байырлап келишкендигин көптөгөн илимий тыянактар да ырастаары анык.

Этностук составы[оңдоо | булагын оңдоо]

Изилдөөчүлөр кыргыздар этностук составы боюнча бүгүнкү күнү да өткөн кездеги уруулук бөлүнүү тартиби менен жайгашып, аларда уруу-уруу же «бир атанын балдары» деген ата салты толук өкүм сүрөрүн белгилешет. Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын уруулук курамы теңиртоолук кыргыз урууларынын генеалогиялык түзүлүшү менен толук дал келет. «Эгерде Чыгыш Түркстанда жашаган кыргыздарды этностук составы боюнча бөлөк жердеги жашаган кыргыздар менен салыштырсак, анда алар эки чоң топко бөлүнгөндүгүн байкайбыз.

Биринчи топ[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул топко Ак-Суу өрөөнүндөгү жашаган кыргыздар, Текестеги кыргыздар жана Кашкар округундагы чоң багыш менен кушчулар (кутчулар) кирип, алар Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жашаган кыргыздар менен бир этностук уруу бөлүктөрүн түзгөндүгүн көрөбүз.

Экинчи топ[оңдоо | булагын оңдоо]

Экинчисине Кашкар, Хотан округундагы кыргыздар, негизинен, Тажикстандагы Тоолуу Бадакшан аймагындагы (Чыгыш Памир) кыргыздар, Түндүк Афганистан жана Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым уруулар менен этностук биримдикти түзгөн. Бул аймактарда кыргыздардын оң, сол, ичкилик (Булгачы) же кыргыздын үч канатына тең таандык уруулардын өкүлдөрү жашашат.

Оң канат уруулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Оң канат: адыгине, бугу, мунгуш, черик, сары багыш, солто;

Сол канат[оңдоо | булагын оңдоо]

Сол канат: басыз, кушчу, саруу, мундуз, чоң багыш; ичкиликтер (булгачылар): найман, кыпчак, тейит, кесек, бостон. Мындан сырткары, кыргыздар менен этностук жалпылыгы илимде далилденип келе жаткан лобнорлуктар, Долондор, калмак-кыргыздар, катагандар, уйгурлашкан кыргыздардын топтору, алардын этностук башаты, теги өз алдынча иликтөөлөргө арзыйт.

Кытай кыргыздар тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай кыргыздар

Уруулар тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыздын сол канатына кирген чоң багыштардын салыштырмалуу саны башка урууларга караганда бир кыйла көптүк кылат. Чоң багыштар Теңир-Тоонун түштүк тоо кыркалары тарабында, Тоюн дарыясына туташ өрөөндөрдө, Чакмак, Терек, Майдаң капчыгайларында, Кашкар шаарынан түндүк-батыш тараптагы Кызыл-ой, Канжуган, Жыгач-Арт, Кавагатты Оксалыр деген жерлерди мекендешет. Чоң багыштар менен мундуз, сары багыш, дөөлөс, чериктер аралаш турушары малым. Кыргыз уруулары жайгашкан жана ага чектеш аймактарда кыргыз тилиндеги жер-суу аттарынын жыш учурашы кыргыздардын бул чөлкөмдөгү түптүү эл экендигин дагы бир ирет чагылдырары бышык. Чагатай урпактарынын дооруна таандык маалыматтарга караганда, Кашкар, Жаңысар, азыркы Ак-Тоо району жана Жаркен тараптарда тогуз кыпчак, сарт калмак, найман, чоң багыш, балыкчы, итарчы, мунгуш, сары багыш, кесек, тейит уруулары; Ак-Суу, Үчтүрпан, Акчий тараптарда - сары багыш, төөлөс, черик, бугу, мундуз, кушчу, Иле өзөнүнүн баш агымындагы райондордо - бугу, мундуз, адыгине, сары багыш уруулары жашашат.

Кашкар округундагы кыргыздардын бир кыйла бөлүгүн кушчу уруусу түзөт. Кушчулар Жай-Дөбө, Бычан, Инген, Шейит, Жейрен-Булак ж.б. жерлерде турушат. Кыргызстандын чек арасын туташ чөлкөмдөрдөгү Кызыл-Суу дарыясына туташ өрөөндөрдө, капчыгайларда, аталган дарыялардын куймаларында (Сымкана, Сары- Булак, Токой-Башы, Эттик, Сакал, Жыгын, Жойулган-Суу, Улуу- Чат деген жерлерде) Мунгуш уруусунун курамына кирген жоош уруктарынын өкүлдөрү байырлашат. Жооштордун негизги бөлүгү Ош облусунун Карасуу районунун аймагында турушары маалым. Кара-Терек (Чыгыш Түркстан) дарыясынын өрөөндөрүндө адыгене уруулук тобуна кирген Жору уруусунун өкүлдөрү жашашат. Жору уруусунун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Каракулжа, Алай, Өзгөн райондорунда жашашат. Ак-Суу округунда Черик жана Кушчу уруу- ларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Чериктер Акчий, Кара-Чий, Жалаң-Чий, Кара-Булак, Сары-Булак, Кызыл Күмбөз, Ак-Бейит, Кызыл-Аң, Кулан-Сарык, Үч, Ак-Өтөк, Жаман-Суу деген жерлерде турушат. Кушчулардын басымдуу бөлүгү чериктер менен, айрымдары Баш-Чакма, Сапарбай, Кара-Теке капчыгайларын байырлашат. Боз-Дөң деген жерде бугулар, дөөлөс, саяк урууларынын өкүлдөрү жашашат. Кушчулардын негизги бөлүгү Талас, Жалалабаддын Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорун байырлашары маалым. Дөөлөстөр Ноокат, Жетиөгүз райондорун, саяктар Тогузторо, Нарын, Кочкор, Суусамыр жана башка. аймактарда турушат.

Кара-Теке деген жерде мундуздар турушат. Мундуздардын негизги бөлүгү Сузак, Базаркоргон, Жалалкудук (Өзбекстан), Нарындын айрым жерлеринде, Ысык-Көлдү байырлашат. Ушул эле Ак-Суу округунда сары багыш, чоң багыш, кара багыш, кыпчак урууларынын өкүлдөрү жашашат. Бая тоосунан түндүккө карай сары багыштардын «калмак» уруусу турат. Чоң багыштар Карашаар, кыпчактар Карабак жана Жаңы-Арыкты мекен кылышат. Сол канатка кирген чоң багыштардын көпчүлүк бөлүгү Кытайда, ал эми кыпчактардын негизги бөлүгү, тескерисинче Кыргызстан (Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй), Өзбекстан (Анжиян, Наманган, Фергана), Тажикстан (Жергетал, Мургаб), Афганистанды (Чоң Памир, Кичи Памир) мекендеп келишери маалым. Или округунда кыргыздар басымдуу бөлүгү Текес дарыясынын жана ага куйган суулардын өрөөндөрүндө турушат. Бугулар көпчүлүктү түзүшөт, мындан сырткары, солто, сарыбагыш урууларын өкүлдөрү да байкалган. Бугулар Көк-Суу, Ак-Ыяз, Көк-Терек, Ак-Терек, ж.б. жерлерде турушат. Айрым маалыматтарда Чоң жана Кичи Жылдыз өрөөндөрүндө (Күнөс-Суу) да кыргыздар жашашат, бирок алар дээрлик уйгурлашып калышкан. Хотан округуна караштуу Куэн-Лундун тоо этектериндеги Кулан-Арык, Санжу жана башка жерлерде найман, тейит, кесек, бостондор бир аздап жашашат.

Этностук калыптануу[оңдоо | булагын оңдоо]

Чыгыштан батышка карай узундугу 500, түндүктөн түштүккө карай 140 чакырым келген Шинжаң аймагы кыргыз этносунун калыптануусунун негизги этаптары жүргөн этностук аймак. Мисалы, атактуу эпикалык баатыр Жаңыл Мырза чыккан нойгут уруусу XIX к. чейин эле Лоб-Нор аймагында көчүп- конуп жүрүшкөн. Жазма маалыматтар, фольклор, топонимикалык ж.б. этнографиялык материалдар кыргыздардын Батыш Кытайдагы ээлеген ареалы бүгүнкү жашап жаткан аймактан алда канча кенен болгондугун чагылдырат. Кыргыздардын байыркы Ата Журту болгон Үч Куштай, Жылдыз, Күнөс, Манас шаары ж.б. жерлерде учурда кыргыздар жашабайт. Бирок аймактагы отурукташкан калктын олуттуу бөлүгү өздөрүнүн тегинин кыргыз болгондугун эскеришет. Бүгүнкү күндөгү Ават, Кула, Меркит, Актачы, Бостон, Терек, Оргу, Кызыл Аң, Кулан Сарык, Кара-Теке, Сакал, Сарай, Сөгөт, Гыджек, Кароол, Товур жана башка топонимдер теңиртоолук кыргыздарда уруу (урук) аттары катары маалым. Каңды уруусунун курамында «алашан» аттуу ири урук бар. Этностук аталыш Батыш Кытайдагы жердин аталышына байланыштуу келип чыккан. Алашан - батыш Кытайдагы тоо кыркаларынын аталышы катары белгилүү». Кагазды кушчу уруусундагы ири уруктардын биринин аталышы катары маалым. Этноним бир эле учурда Чыгыш Түркстандагы, Жалал-Абаддагы (Ноокен, Сузак) жана Таластагы кушчулардын курамында эскерилиши аталган уруунун өткөн доорлордогу өтө кенен аймактагы миграциясын чагылдырат. Кушчулар (кытайча - «гэшу») жана азыктар (кытайча - «ассиги») 7-к. Батыш Түрк каганатынын Нушиби аймагына киргендигин кытай жыл баяндары тастыктайт. Чыгыш Түркстан Батыш Түрк каганатынын курамында болгондугу белгилүү. Адигине уруулук тобуна кирген жору уруусунда сөгөттүк жору, шарттык жору деп аталган уруктар бар. Топонимикалык аталыштар Лоб-Норго жакын аймактардан кездешет.

Сол канат кыргыз урууларынын аскердик урааны «Каратал» деп чакырылганы маалым. Чыгыш Түркстанда сол канат кыргыз уруулары байырлаган аймакта Каратал (Кытайча - Ха-ла-та-лэ) топонимии белгилүү. Изилдөөчүлөр байыркы доорлордон туруктуу сакталып келе жаткан аскердик ураандар негизинен ата-бабалардын эрдиктерин даңазалап, уруулук символдорду, сыйынуучу ыйык жерлерди чагылдырарын белгилешет. Эзелки кыргыз жана башка. түрк- монгол элдеринде ыйык туткан (тотем) жаныбары, канаттуу кушу, сыйынган тоосу, жер менен Көк Теңирди байланыштырган дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык түшүнүк кенен таралганы маалым. Каракалпактардын ичинде «караталшы» аттуу ири урук бар. Каратал топоними байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз урууларынын (уруулук бирикмелеринин) жалпы курултайдан соң бириктирүүчү маанисин туюнткан, ыйык деп эсептелген, шамандык ритуал өткөрүүчү тоо, чоку, ашуу же бийик тоонун бели болуусу толук ыктымал. Тал (Каратал), Терек (бай терек) дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык идеяны чагылдырат.

Кызыл-суу облусунун калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуту Калкы Пайызы
Уйгурлар 281,306  %63.98
Кыргыздар 124,533  %28.32
Ханзу 28,197  %6.41
Тажик 4,662  %1.06
Хуэй 432  %0.1
Башкалар 558  %0.13

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кызыл-Суу Кыргыз aвтоном oблусу 1954-жылдын 14-июлунда негизделген.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кызыл-Суу Кыргыз aвтономиялуу oблусунда жалпы кытайдын эл каттоосу боюнча 2000-жылы төмөнкү этникалык топтор жашаганы маалым:

Улуту Саны  % калк
Уйгурлар 281,306 63,98 %
Кыргыздар 124,533 28,32 %
Ханзулар (кытайлар) 28,197 6,41 %
Тажиктер 4,662 1,06 %
Дунгандар 432 0,1 %
Башкалар 558 0,13 %


Административдик бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Облус 1 шаардык ооданга жана 3 ооданга бөлүнөт:

Kizilsu mcp.png
# Статусу Аталышы Иероглифтери Пиньинь Уйгур тили
(араб шрифти)
Уйгур тили
(латын шрифти)
Калк
(2003
бол.)
Аянт
(км²)
Калктын
жыштыгы
(/км²)
1 Шаардык оодан Артыш 阿图什市 Ātúshí Shì ئاتۇش شەھىرى Atush Shehiri 210,000 15,698 13
2 Оодан Актоо 阿克陶县 Ākètáo Xiàn ئاقتو ناھىيىسى Aqto Nahiyisi 170,000 24,555 7
3 Оодан Акчий 阿合奇县 Āhéqí Xiàn ئاقچى ناھىيىسى Aqchi Nahiyisi 40,000 11,545 3
4 Оодан Улуучат 乌恰县 Wūqià Xiàn ئۇلۇغچات ناھىيىسى Ulughchat Nahiyisi 50,000 19,118 3

См. также[оңдоо | булагын оңдоо]

Шинжаң-Уйгур автоном районунун административдик бөлүнүшү

China Xinjiang.svg

Шаардык округдар: Үрүмчү | Карамай
Субокругдук деңгээлдеги шаарлар: Арал | Бэйтунь | Тумшук | Уцзяцюй | Шихэцзы
Округдар (облустар): Аксу | Кашкар | Турпан | Хами | Хотан
Субпровинциялык маанидеги автоном округдар: Или-Казак
(округдар: Алтай | Чугучак)
Автономдук облустар:

Баянгол-Монгол
Боро-Тала-Монгол
Кызылсуу-Кыргыз
Чанцзи-Хуэй