Мазмунга өтүү

Кызылча комбайны

Википедия — ачык энциклопедия

Кызылча комбайны — кызылча казып, жыйноочу машина. Ал бир эле мезгилде кызылчаны казып, топурак жана жалбырагынан арылтып, бункер же транспортко салат. КМШ таган, 50-жылдары кызылча жыйноо толугу менен механикалаштырылган. Топурак-климаттык шартка ылайыкталып, эки типтеги Кызылча комбайны чыгарылат. Биринчи тибине кызылчаны казып алып, жалбырагын машинада кесүүчү СКЕМ-ЗГ, КСТ-3, СКП-2Г жана башка маркадагы комбайндар, экинчи тибине кызылчанын жалбырагын кесип, андан кийин казып жыйноочу СКН-2, СКД-2 жана башка маркадагы комбайндар кирет. Кызылча комбайнынын негизги тетиктери: машинаны кызылчанын жөөктөрү боюнча багыттагыч автомат механизм, казгыч, калак, жалбырак көтөргүч, жалбырак кескич аппарат, тазалагыч шнек, жүктөгүч элеватор, бункер. Саатына орто эсеп менен 2-3 га жердеги кызылчаны казып жыйнайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]