Мазмунга өтүү

Кызылча тиккич

Википедия — ачык энциклопедия

Кызылча тиккич үрөндүк кызылчаны жөөккө аралыгын 60-70 см чарчылап тигет. Тиккич аппаратка үрөндүк кызылча жарым автоматтын жардамы менен келет. Кызылча тиккич дисктүү аппарат, диск тибиндеги кызылча көмгүч, дөңгөлөк, маркер, гидросистема жана отургучтан турат. Трактордун кыймыл берүүчү валынан иштейт. Кызылча тиккичтин эки конусу бар. Кызылча тиккич аппараты конустун илиништиргичинен кыймылга келет. Тиккич аппараттын рамасына эки жакка ачылма конусу бар эки дөңгөлөк, кызылча түрткүч, ачып тургуч, тигилген кызылчаны көмгүч орнотулат. Кызылча тиккич тракторго чиркелет. Саатына 0,84 га жерге кызылча тигет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]