Кызыл-Алма газ кени
Кызыл-Алма газ кени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда. Фергана тоо тизмегинин түштүк этегиндеги адырда, Майлы-Суу жана Нарын д-нын аралыгында. 1968-ж. табылган. Кен мезозой жана кайнозой замандарында пайда болгон тоотектердин антиклиналдык түзүлүшүндө жайгашкан. Газ 2780 м тереңдикте кезектешип, арасында чопо менен гравелиттин катмарчалары бар кумдук жана алевролитте топтолгон. Газ жаткан аянт 2800,5 км2. Газдуу кабаттын калыңдыгы 32 м. Катмар басымы 321 кгс/см2. Суткалык дебити 174 миң м3. Газдын курамында метан –73–77,8%, этан – 2,3 – 7,7%, пропан – 0,8 – 1,37%, бутан – 0,3 – 0,56%, пентан менен жогорку сапаттагы газ – 0,3%, азот жана сейрек кездешүүчү газ – 20%, күйүүдөгү жылуулук берүүсү 26,46–32,08 МДж/кг. Чалгындалган запасы 1419 млн м3 (1974). Ош өнөр жай ишканаларын газ менен камсыз кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7