Мазмунга өтүү

Кызыл-Болот оникс кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кызыл-Болот оникс кени Ош облусунун Ноокат районунда, Карабий кыштагынан 3 км түштүк тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. Кызыл-Болот дөңсөөсүндө 1982-ж. табылган. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ теги түзөт. Бул тектер тектоникалык жаракалар менен тилмеленип, аларды бойлой карст үңкүрлөрү пайда болгон. Кен үңкүрлөрдө топтолуп, эки түрдө кезигет. Биринчиси линза сымал катмар түрүндө. Калыңдыгы 0,5 м, узундугу 20 м. Оникс ак, күрөң, саргыч, боз, түстөрдүн жол-жол темгилдеринен түзүлүп, кооз көрүнөт. Экинчиси самсаалаган жана шуштуйган шиш сымал сталактит жана сталагмиттерден турат. Сталактит шиштеринин бийикт. 1,1–1,5 мге, диаметри 0,1–0,3 мге жетет. Оникстин өңү күрөң сары, боз күрөң. Кооздугу боюнча жогорку касиетке ээ. Блоктуулугу 20x20x20 см. Кендин запасы 15,0–16,0 м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]