Кызыл-Булак яшма кени
Көрүнүш
Кызыл-Булак яшма кени - Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Байбиче тоосунун түштүк этегинде жайгашкан. Кен аймагында девон мезгилиндеги боз түстүү акиташ менен сланец тоо тектери жатат. Арасында яшма катмары кездешет. Калыңдыгы 10-50 м, узундугу 0,5-4,0 кмге созулат. Яшма жашыл боз түстө, темгилдүү, жакшы сайкалданат. Блоктордун өлчөмү 5х5 мге жетет. Жүк көтөрүмдүүлүгү жогору, суукка чыдамдуу. Болжолдуу запасы 60 миң м3. Ар кандай кооз буюмдарды жасоого болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9