Кызыл-Дыйкан, Өзгөн району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кызыл-Дыйкан, Өзгөн районуОш облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээли 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 11 км түндүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 57 км. Калкы 2862 (2009); негизинен дыйкан жана мал чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тегирмен, мончо иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]