Кызыл-Кыя көмүр кени

Википедия дан

Кызыл-Кыя көмүр кени Ош облусунун Ноокат жана Баткен облусунун Кадамжай райондорунун чегарасында, Кызыл-Кыя шаарынын түштүк-чыгыш четинде, Кичи Алай тоосунун түндүк этегинде. Кенди казып алуу 1898-ж. башталган. Кен аймагында палеозой, мезозой жана кайнозойдун чөкмө тек катмарлары жатат. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон кумдук, гравелит, алевролит, чопо тектеринин арасында топтогон. Көмүр катмарларынын саны ар кайсы жерде ар кандай. Ленин Комсомолу атн. ж. б. иштетилип бүткөн шахта талааларында татаал түзүлүштөгү "Негизги" деп аталган 1 кабат, Кызыл-Кыя – Восточный участкасында 14 кабат, Караван участкасында 13 кабат белгилүү. Кабаттардын калыңдыгы бир нече смден 13,13 мге чейин өзгөрөт. Көмүр сапаты боюнча 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 16,5%тен 18,0%ке чейин өзгөрөт, орточо күйүү жылуулугу 6650 – 6943 ккал/кгды түзөт. Консервацияланган Ленин Комсомолу атн. шахта талаасынын көмүрүнүн запасы 21917 миң т, 1997-жылга карата баланстан алынып ташталган. Кызыл-Кыя – Восточный участогунун запасы - 88,2 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]