Кызыл-Сай чопо кени
Кызыл-Сай чопо кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 5 км түндүктө, Курганчу кыштагынан 2 км түндүк-чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 950–1200 м бийиктикте. 1967-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Кумайлуу чопо катмары эол шамал чөгүндүлөрүнөн пайда болгон. Узундугу 1 – 2 кмге созулуп, калыңдыгы 2–20 м. Өңү боз, майда көзөнөктүү. Гранулометриялык курамы: күлбото бүртүкчөлөрү 0,001 ммден төмөнкүсү – 29,5%, чаң – 0,25–0,01 мм – 61,5%, кошундулар 0,5 мм – 0,99%. Суу сыйымдуулугу 24,4%, нымдагандагы ийилгичтиги жогору. Химиялык-технологиялык касиети боюнча кумайлуу чоподон "125" маркасындагы кирпич жасоого болот. Запасы С1 категориясы боюнча 4237 миң м3, 1996-жылга карата калган запасы С1 – 900 миң м3. Кумайлуу чопо кени карьерден казылып алынууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7