Кызыл-Туу (Сокулук району)

Айыл
Кызыл-Туу
Район Кыргызстан
Координаттар 42°48′26″ с. ш. 74°22′30″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1930
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3977 адамды (2015)
Сандык идентификаторлор
Кызыл-Туу (Сокулук району) (Кыргызстан)

Кызыл-ТууЧүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл аймагынын борбору. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңгээли 830 м бийикте жайгашкан.

Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 4049 (2009); негизинен багбанчылыкта эмгектенет, мал багат. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, ФАП, бала бакча, мадабият үйү, дүр-дүйнө дүкөнү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социялдык Эмгектери Баатыры Б. Кулов туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]