Кызыл-Ураан

Кызыл-Ураан, Токтогул району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Кызыл-Ураан
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Токтогул району
Айыл аймагы Үч-Терек
Координаттар 41°42′ с. ш. 73°18′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1933
Мурунку аталышы Үч-Терек
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 3109[1] адам (2021)
Улуттук курамы Кыргыздар
Диний курамы Мусулмандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 721610
Автоунаа коду D,04
Кызыл-Ураан (Кыргызстан)

Кызыл-УраанКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Үч-Терек айыл аймагынын курамына кирет.

ААББТ коду — 4170 3225 836 03 0[2].

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1933-жылы Кызыл-Ураан айылы болуп түзүлгөн. Айылдын аталышы эч кандай “ураанга” байланыштуу эмес. Калк арасындагы айтылып келген маалыматтар боюнча, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин “актар” жана “кызылдар” деген түшүнүктөр пайда болгон, аны менен бирге эле кызылдар совет бийлигин орнотуучулары катары бааланышкан. "Кызыл-Ураан" - деген аталышы ошонун негизинде.

Айылдын Кызыл-Ураан деп аталышы боюнча дагы бир версия айтылып жүрөт. Улуу Ата Мекендик согуш маалында айылдыктар "Бардыгы фронт үчүн", "Бардыгы жеңиш үчүн" деген сыяктуу ураандары кызыл чүпүрөктөргө жазып алып, колхоздун айдоо талааларынын четине илип коюп иштешчү дешет. Ошондуктан алар бара-бара кызыл ураанчылар, ураан менен иштегендер деп айтылып жүрүп, элет Кызыл-Ураан аталып кеткени айтылат.

Бүтүндөй айыл өкмөткө аталышы (Үч-Терек деген аталыш) берилген кадимки 3 терек Кызыл-Ураан айылында өсөт.

Экономикасы жана Инфратүзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл эли негизинен дыйканчылык, мал-чарбачылык менен алектенишет.

Коңшу айылдарды бири-бири менен байланыштырып турган чоң жол жана майда-майда көчөлөр жайгашкан. Айылда 11 жылдык жалпы орто билим берүүчү №32 Бекназар атындагы орто мектеби жана №33 У. Артыкбаев атындагы орто мектеби аны менен бирге футбол аянтчасы ошондой эле “Дилдеайым Апа” атындагы бала бакчасы бар[3]. Намаз окууга ылайыктуу "Артыкпай калпа" атындагы мечити, андан башка өтө чоң эмес 2 мечит тургузулган. Айылда клуб, фельдшердик-акушердик тейлөө борбору иштейт жана улуу ата-мекендик согуштун курмандыктары болгон баатырларга арналган эстелик орнотулган.

Айылда бир нече бөлүктөр (микрорайон) бар. Ал бөлүктөр: Кара-Кечүү, Аркы өйүз, Боз-Тектир, Кочкор-Ата, Сөгөт, КРС (крес), Бегиш, Бир-Калпак, Чым, Котур-Колот. Айыл Орток бөксө тоосунун этегинде орун алган. Айылда саяк уруусунун ичиндеги бегет, кутунай, маркаш уруктары жашайт. Айыл чыгышынан Жетиген, Өзгөрүш, Бууракан (Токтогул менен Эшмамбет акын жолуккан жер) айылдары менен, түштүк тарабынан Такталык айылы, батыш тарабынан Саргата айылы менен чектешет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

жылы 2009 [4] 2014[5] 2015[6] 2020 2021[1]
адам. 2683 2714 2781 3063 3109

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орус.) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
  2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  3. Фото - В Жалал-Абадском селе Кызыл-Ураан открылся детский сад. АКИpress. Текшерилген күнү 18 -май (бугу) 2022.
  4. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  5. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орус.) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  6. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орус.) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2015).